Дүйшөнбек Зилалиев: "Liglass Trading" боюнча жоопкерчиликти мен алам"

Жогорку Кеңеште 25-августта жаңы өкмөттү шайлоо учурунда депутаттар Кыргызга ГЭС кура турган чехиялык "Liglass Trading" компаниясы тууралуу суроо узатышты. "Аталган компания убада кылган 37 миллион долларды төкпөй, ГЭС курбай турган болуп калса жоопкерчилик кимде болот?" - деп сурашты. Премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков "эгерде келишим бузулгандын айынан мамлекет зыян тартса, анда жоопкерчилик маселеси коюлат. Ал эми чех компаниясы менен келишим бузулса эч кандай зыян тартпайбыз" деген жооп узатты.

Ал эми вице-премьерликке талапкер, буга чейин өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетти жетектеп келген Дүйшөнбек Зилалиев "келишим бузулса жоопкерчиликти мен алам" деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан