Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Жеңиш Разаков (сүрөттө) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу 26-августта президенттик аппараттан билдиришти. Разаков буга чейин коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр кызматын аркалап келген.
Аталган кызматка бүгүн Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Темир Жумакадыров дайындалды.