"Президенттик шайлоодо кимге добуш бересиз?" сурамжылоосу жаңыланды. Биринчи айлампанын жыйынтыгы боюнча фавориттер кимдер?

Акыркы 2 аптанын ичинде SUPER.KG порталы быйылкы жылдын 15-октябрында өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоону жүргүздү. Башында биринчи орун үчүн күрөш кызуу жүрүп, Өмүрбек Бабанов жана Бакыт Төрөбаев рейтингде бири-бирин алмаштырып жатышкан. Бир нече күндөн кийин Өмүрбек Бабанов биринчи орунга туруктуу жайгашып, атаандаштарынан кыйла озуп, бүгүнкү күндө да позицияны бекем сактоодо. Ал эми Бакыт Төрөбаев сурамжылоонун 1-айлампасынын жыйынтыгы боюнча 2-катарда. Жогорудагы 2 фавориттин артынан келе жаткан Сооронбай Жээнбековдун көрсөткүчү финиш алдында төмөндөй баштап, жыйынтыгында 5-орунга түштү. Алдынкы үчилтикти Темир Сариев толуктаса, 4-орунду Канат Исаев ээледи. Жогоруда аталган 5 талапкердин төртөөсү (Исаевден тышкары) БШКга бардык керектүү документтерди тапшырып, каттоодон өтүшкөн.

Андан ары рейтингдин ондугунда Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Улукбек Кочкоров, Камчыбек Ташиев жана Темирбек Асанбеков алган добуштарынын санына жараша жайгашты.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жалпы 59 талапкер арызын берген. Август айынын ичинде алардын айрымдары ар кандай себептер менен жарыштан четтетилип, бүгүнкү күнгө карата тизмеде 24 талапкер бар.

Добуш берүү ар эки апта сайын жаңыланып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан