СУРАМЖЫЛОО: ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО КИМГЕ ДОБУШ БЕРЕСИЗ?

SUPER.KG порталы 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоону жаңы эрежелердин коштоосунда уланууда. Урматтуу окурман, добуш берүү үчүн шилтемени басыӊыз.

Бүгүнкү күнгө карата тизмеде 13 талапкер бар.

Эскертүү! Сурамжылоого добуш берүү үчүн телефон номериңизди колдоносуз. Сизге 6 сандан турган СМС-код келет. Андан ары сиз 3 мүнөттүн ичинде добуш бере аласыз. Добуш берүү акысыз. Сурамжылоого Кыргыз өлкөсүндөгү "Мегаком", "Билайн", "О!" уюлдук операторлорунун абоненттери гана катыша алат.

Маалымат үчүн: Сурамжылоонун 1-айлампасы 14-28-август аралыгын камтып жыйынтыкталды. 1-айлампада добуш бергендер учурдагы сурамжылоонун 2-айлампасында да добуш бере алышат. 28-августта жаңыланган 2-айлампа 11-сентябрга чейин жүрөт.

Добуш берүү ар эки апта сайын жаңыланып турат. 1-айлампада берилген добуштардын саны 2-айлампага өткөндө кайрадан нөлдөн башталат.

Эске салсак, президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга жалпы 59 талапкер арызын берген.

Шайлоого катышуудан өзү баш тарткандар: Нусрет Муса-Оглы Мамедов, Анвар Сартаев, Акбаралы Айтикеев, Марат Иманкулов, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Алмазбек Каримов, Замира Муратбекова, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов жана Акылбек Мансуров.

БШК тарабынан талапкер болуп катталуу эрежесине жооп бербегендиги үчүн шайлоодон четтетилгендер: Куттубек Бешбаков, Марта Кыдыралиева, Муканбайжан Айманбаев, Камил Токтобаев, Роман Ремнев, Назарбек Нышанов, Турсунбай Бакир уулу, Санжар Энназаров, Максатбек Жумабеков, Руслан Жунусов, Мирлан Шерикул уулу, Токтобүбү Таласбаева, Дамира Токтосунова, Калмамат Мактымбаев, Турат Акимов, Темиркул Өмүралиев, Полотбек Кенжекулов, Өмүрбек Бөлтүрүков, Аскарбек Абышев, Советбек Абыкулов, Бакыт Керимбеков жана Марат Мергенов.

БШК тарабынан талапкердин соттолгон деген статусу бар үчүн каттоо чечими чыкпагандар:
Садыр Жапаров жана Игорь Трофимов.

4-сентябрда БШК Өмүрбек Текебаевди жарандардан 30 миң кол топтоо баракчалары жокко чыгарылганы үчүн президенттикке талапкер кылуудан баш тартты. Ушул эле күнү Ахматбек Келдибековдун соттолгон деген статусу жоюла электигине байланыштуу Боршайком экс-депутатты да президенттикке талапкер катары каттабоо чечимин кабыл алды.

5-сентябрда БШК Канатбек Исаевди жарандардан 30 миң кол топтой албаганы үчүн президенттикке талапкерлердин катарынан чыгарды. Ал эми Исхак Масалиевди кол топтоодо каржылык эреже бузганы үчүн талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

8-сентябрда БШК Казыбек Шайымбетовду, Рита Карасартованы, Талгатбек Кожогуловду, Кубан Чороевди жана Темирбек Асанбековду жарандардан 30 миң кол топтой албаганы үчүн президенттикке талапкерлердин катарынан чыгарды.

9-сентябрда БШК Турсунбек Акунду жана Камила Шаршекееваны жарандардан 30 миң кол топтой албаганы үчүн президенттикке талапкерлердин катарынан чыгарды.

Шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер жана БШК тарабынан шайлоодон четтетилгендер сурамжылоонун тизмесинен алынат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (311)
aitiem
2017-09-09 23:34:03
Шайлоодон кийин коросунор сооронбай 70% ашты деп утуп чыгат,бул уже давно эле чечип коюшуп атпайбы.
0
Nora
2017-09-10 05:23:25
Babanov bolso kerek
-1
Gulnaz.GS
2017-09-10 08:15:17
Мадумаров
+2
Bols
2017-09-10 09:08:41
бул сурамжылоонун деле кереги жокго ансыз эле буйруса президент шайланат го
0
nurbekasr
2017-09-10 09:08:55
Баары бир таза шайлоо болбойт,бийликтин күчү колдонулат.Өткөндө больницада иштеген тааныш кошуна келин айтты эле,бир ай мурун эле баардыгыбыздын паспортторду жыйнап алып ишти бүтүрүп коюшту уже деп.Ошентип алдын ала паспорт жыйнап өлүп талып,шайлоону алдын ала бүтүрүп жатышса кантип таза шайлоо,таза коом болот?
0
aiza.kyrgyzkyz
2017-09-10 12:55:54
Москвадан бир добуш КАМЧЫБЕК ТАШИЕВге
0
Bekzamann
2017-09-10 13:04:15
Буюрса Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын президенти болот.! Алга менин олком!
0
nurik903
2017-09-10 16:30:27
бабанов президенттике татыктуу эмес.
жасап коркомдоп суйлогону ошол
сатып жок кылат барын кимде ким бабанов десенер 100% адашасынар..
+3
aiza16
2017-09-10 17:16:47
Бабановду колдойм
-2
Adilet_adi
2017-09-10 17:47:55
Мадымаровту колдосок жакшы болмок
+1
Isco22
2017-09-10 19:54:07
Колдогонугарды да жаза бергиле. Кимге кимдин саясий иши жакса ошону шайлагыла акчага алданбай акча 1000 сом бир кундо эле тугонот ойлон кыргыз
+1
Rifle_I
2017-09-10 21:11:02
Кыргыз көчү жолун улабаш керек. Тажадык мындай жолдон. Аз айлык акыдан, коррупциядан, мигрант болуудан. Кыргыз көчүнө жаңы жол керек. Тазаланыш керекпиз.
Тажадык 120 жепжутарларды баккандан, адардын жардамчыларын, айдоочуларын. Тажадык бир тыйын пайдасы жок элчиликтен, алардын жанындагы тайгандарынан.
Кыргызга нукура кыргыз, таза адам керек !!!
-1
Nendi15
2017-09-10 22:19:15
Кыргыз эли кимге добушун беришин билет,бирок 21-кылымдын системасын иштетип таза шайлоо өтүшүнө күмөнүм бар.Эгер таза шайлоо болсо Мадумаров болуш керек,бул деген сөз кыргыз элинин келечеги бар деген сөз.
+1
anara86
2017-09-13 19:51:27
Бабанов болот буюрса..
-1
RusNon
2017-09-30 16:25:42
бир гана Мадумаров татыктуу президент элим ойлонуп чечим чыгаргыла .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан