Жогорку Соттун имаратынын алдында экс-министр Равшан Сабировдун тарапташтары аны колдоп турушту

Бүгүн, 23-майда Жогорку Сот мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров боюнча жыйын өткөрүп, экс-министрге карата чыгарылган шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Шаардык сот 7-мартта аны 5 жылга, жардамчысын 3 жылга эркинен ажыраткан болчу. Бүгүн сот имаратына экс-министрдин ондогон тарапташтары чогулуп, ага колдоо көрсөтүп турушту. “Равшан Сабировду көптөн бери тааныйбыз. Ал таза, акыйкат иштейт. Биз ага карата чыгарылган Бишкек шаардык сотунун чечимине макул эмеспиз жана бүгүнкү сотто аны актап чыгышса деген талап менен келгенбиз, бирок шаардык соттун чечими күчүндө калтырып койду”,- дейт чогулгандардын бири Болотбек Байтөлөнов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан