Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу жана өлкөдөн чыгып кеткенин иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин чечиминен коркуп, аталган комиссиянын жетекчиси Болот Шерге карата кысым көрсөтүп жаткандыгын 23-майда маалымат жыйынында депутат Асия Сасыкбаева билдирди. Айтымында, Зарылбек Рысалиев президентке “Ата Мекен” партиясын жамандап рапорт жазган. 2012-жылдагы мародёрчулук боюнча бир нече комиссия иштеп, бирок аталган партиянын мүчөлөрүнүн бул иштерге катыштыгы жок экендигин далилдеген. “Азиз Батукаевдин бошотулушуна биринчи күнөөлүү Зарылбек Рысалиев болгондуктан, аны камоо маселеси бар. Ошондуктан ал биздин партияны каралоого аракет кылууда”,- деди эл өкүлү.