Алмазбек Атамбаев Сапар Исаков тууралуу: "Өзүм тарбиялаган жаш жигит премьер-министр болду"

Бүгүн, 28-августта Алмазбек Атамбаев Ош облусуна иш сапары менен барды. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчы жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тарткан Өзгөн районунун жашоочулары менен жолукту.

Жолугушуу башталар алдында каза болгондорго арналып куран окулду. Президент каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Ошону менен катар эле Атамбаев үйдү камсыздандыруунун маанисин жана зарылчылыгын баса белгиледи.

"Жаңы конушка кандай маанай менен келгениңиздерди билем. Өз жериңерди таштап кетиш кыйын, бирок бир аздан кийин бул жакка адамдар көчүп келет. Буюрса, бул жерде жакшы айыл болот, мектеп, жашоого керектүү бардык зарыл нерселер курулат. Өмүргө коркунуч келтирген жерлерден көчүш зарыл, анткени биринчи кезекте, мал жана чарба жөнүндө ойлонбостон өмүр жана коопсуздук жөнүндө, ден соолук, балдардын келечеги тууралуу ойлонуш керек. Жарандар акчаларын тамекиге жана аракка, тойлорго коротот, ал эми айына турак жайды камсыздандырууга 50 сом таба алышпайт. Мен жарандарыбызды турак жайды камсыздандырууга чакырат элем, себеби бул абдан маанилүү жана зарыл иш", - деди ал.

Мындан тышкары ал жакында Сапар Исаковдун премьер-министр болуп шайланышы боюнча оюн айтты.

“Өзүм тарбиялаган жаш жигит премьер-министр болду. Өкмөткө жаштар келди. Алар мен баштаган жолду улап кетерине ишенем. Аягына чыгарылбай калган иштерге, анын ичинде Өзгөн районундагы Ынтымак айылы дагы бүткөрүлүшүнө көзөмөл кылат”, - деди өлкө башчы.

Президент мөөнөтү аяктагыча 2040-жылдарга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынарын кошумчалады.

Атамбаев Курман айт күнү жер көчкүдөн каза болгондорду эскерип куран түшүрүп коюу үчүн 200 миң сом тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан