Эркин Алымбеков: “Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишин эч ким токтото албайт”

“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушун жана Кыргызстандан чыгып кетишин изилдеген депутаттык комиссиянын ишин эч ким токтото албайт”,- деди 23-майда маалымат жыйында ЖКнын депутаты Эркин Алымбеков. Айтымында, комиссиянын чечимин жалпы жыйынга алып чыгарда ЖАМК кайрадан мародёрчулукка байланышкан эски ишти көтөрүп чыгып жатат. “ЖАМКнын жетекчиси Зарылбек Рысалиев тараптан комиссиянын жыйынтыгын парламенттин жалпы жыйынына чыгарбоого көптөгөн аракеттер болууда. Бирок комиссиянын ишин токтотууга эч кимдин күчү жетпейт. Бул деген кыргыздын намысын тебелеген нерсе. "Ата Мекен" партиясы ар дайым коррупция менен кылмышкерлерге каршы күрөшүп келген жана дагы күрөшө бермекчи”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан