22-май күнү Каракол ШИИБине 31 жаштагы жергиликтүү тургун Б.Константин бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, дарыгерлер өз убагында ал жарандын өмүрүн сактап калышкан. Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп, кырсыкка айыпталып 26 жаштагы Анастасия аттуу аял кармалды. Ал өз күнөөсүн моюнга алды. Учурда тергөө жүрүп жатат.