27-май күнү Бишкекте “Кыргызстан Ханышасы-2013” сулуулар сынагы өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, тандоо туруна өлкөнүн 6 облусунан келген 95 кыз катышып, алардын 35и сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алды. Алар сынакта коктейль, улуттук көйнөк, бикини жана кече кийимдерин көрсөтүшөт. Сынактын жеңүүчүсү Германияда өтө турган “Дүйнө Ханышасы-2013”, биринчи вице-мисс Таиландда өтө турган “Азия периси-2013”, экинчи вице-мисс наамын алган сулуу Малайзияда өтө турган “Эл аралык туризм периси-2013” сынагына катышууга жолдомо алат. Ал эми Кыргызстан ханышасын тандоо иш-чарасын IDOL Model Magagment жана InterAlliance KG компаниялары уюштурууда.