Сот Садыр Жапаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке какты

Бүгүн, 29-августта Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровго карата чыккан өкүм боюнча апелляциялык арызды кароодо. Анын жүрүшүндө жактоочу Шарабидин Токтосунов айыпталуучунун үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирди.

"Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартынан бери тергөө абагында негизсиз камалып отурат. Биринчи Май райондук соту эч бир далилдерге таянбай туруп акыйкатсыз чечимин чыгарды. Учурда Жапаровдун жашы 80ден ашкан атасы да, апасы да ооруп төшөктө жатат. Ошондуктан аны бөгөт коюу чарасын өзгөртүп үй камагына чыгарууңузду өтүнөм", - деди жактоочу.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу "буга чейин Жапаровго карата бөгөт коюу чаралары каралган. Райондук сот жаза мөөнөтүн өтөө өкүмүн да чыгарган. Ошондуктан өтүнүчтү четке кагууңуздарды өтүнөм" деди.

Сот тараптандын сөзүн угуп, өтүнүчтү четке какты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KG.Kushtarbek
2017-08-29 16:16:45
Актан караны издеп тапайсынар
0
Begmat1992
2017-08-29 16:25:58
Силерде да ата эне бала бакыра бардыр бир кун жапаровтордун акыбалы силердин да башынарга тушот прокрор соттор шашпашыла кудай бар шашпашыла шашып жатасынар
+2
Mambetali
2017-08-30 11:46:15
Урматтуу соттор бир кун келээр... Ал куну кеч болуп калат бирок, арзыбаган акча учун сатылып жатасынарго менимче . . .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан