ЖЫЛНААМА, 29-АВГУСТ: 1842-жылы Британия менен Кытайдын ортосунда Нанкин келишими түзүлгөн

Мындан 175 жыл мурун, 1842-жылы 29-августта Британия менен Кытай мамлекеттеринин ортосунда Нанкин келишими түзүлгөн.

Тарыхый маалыматтарга таянсак, 1840-1842-жылдар аралыгында Англия-Кытай ортосундагы апийим согушунда кытайлар жеңилген. Кытай бийлигин 1842-жылдын 29-августунда британдыктар мажбурлап өздөрүнүн "Корнуоллис" аскердик кемесинин бортунда Нанкин келишимине кол койдурган. Келишимге ылайык, Кытай Англияга Гонконгду берип, Британия кемелери үчүн 5 портун ачып 23 миллион доллар аскер контрибуциясын төлөгөн.

Нанкин келишими Цинь империясынын чет элдик державалар менен алгачкы адилетсиз келишими болгонун кытайлык тарыхчылар айтып келет. Бирок батыш тарыхчылары Циндерди 1832-жылы да Кокон хандыгы менен келишим түзүшкөнүн айтышат.

29-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан