Жантөрө Сатыбалдиев: "Айрым дыйкандарга жеңилдетилген насыя берилбей жаткандыгы тууралуу маалыматым бар"

Дыйкандарга берилүүчү жеңилдетилген насыялар элге жетпей жатат деген маалыматтар тууралуу билерин бүгүн, 23-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, бул маселеге байланыштуу текшерүү жүргүзүлүп жатат. “Ал эми мурун башка банктарда карыздары бар кишилер насыя ала албайт. Ошого байланыштуу мурун насыя алган кишилер ушундай маселени коюп жатышат. Тогуз-Торо районуна барганда да дыйкандар нааразычылыгын билдиришип, териштирүү кылсак, башка банктарда карыздары бар экен”,- деди өкмөт башчы. Ошондой эле дыйкандарга жеңилдетилген негизде насыя берүү боюнча ишеним телефондору иштеп жаткандыгын билдирди. “Менин кеңешчим бар, ал бир гана ушул маселе боюнча иштеп жатат”,- деди Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан