Медеткан Шеримкулов: "Текебаев эртеби-кечпи акталат"

Бишкекте бүгүн, 30-августта Кыргыздагы сөз эркиндигине арналган форум өтүүдө. Ага катышып жаткан легендарлуу парламенттин төрагасы, мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов президент Алмазбек Атамбаевди жакшы иши менен тарыхта калууга чакырды.

"Текебаев эртеби-кечпи азыркы тагылып жаткан айыптар боюнча акталат. Кылмыш иши далилденбей туруп адамды соттоо жакшы эмес. АКШда президент кызматтан кетер алдында көптөгөн адамдарга кечирим кылып, кылмыш-жазасынан куткарат. Президент Алмазбек Атамбаев жакшы иши менен тарыхта калам десе, Текебаев, Чотонов, Жапаров жана башкаларга кечирим кылган буйрук чыгарышы керек", - деди Шеримкулов.

Эскерте кетсек, 16-августта Текебаев жана Чотонов Биринчи Май райондук соту тарабынан 8 жылга (экөө тең) эркинен ажыратылган. Алардын мүлктөрү конфискацияланат. Мындан тышкары алардын абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан