Алмазбек Атамбаев: "Досум Владимир Путин сыяктуулардын аркасы менен көп иштер жасалды"

Президент Алмазбек Атамбаев 29-августта Бишкекте жаӊы мектептин пайдубалына капсула салууга катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчы өз сөзүндө бул кайталангыс, дүйнөлүк деңгээлдеги мектеп болорун белгиледи.

“Мен мектептин долбоорун карап чыктым, бир мезгилде Кыргыз мамлекетинде мындай мектептер көп болот деп ишенем. Азырынча бул дүйнөлүк деңгээлдеги, дүйнөлүк класстагы алгачкы мектеп. 1 миллиард 200 миллион рубль жумшоо пландаштырылууда. Албек Сабирбекович, Бишкектин бардык аймактарында эң кур дегенде ушундай мектептерди салыш үчүн инвесторлорду издешибиз керек деп ойлойм. Бул жакшы саамалык”, - деди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев 1-декабрда президенттик мөөнөтү аяктап жатканын эскертти. “Көп иштерди аткарууга жетишпей калдым, анткени ал кездеги туруксуз абал эсиңиздерде бардыр. Алты жыл мурдагы абалды айтпай эле коёлу, акыркы ирет Ак Үйдү алабыз деп аракеттенгенден бери 4 жыл өтө элек. Бүгүн өлкөдө тартип орногон. Мурда бүт райондун светин өчүрүп, бүтүндөй облустун газын өчүрүп салганына азыр ишениш кыйын. Мунун баарын элестетиш кыйын. Албетте, алты жылдын аралыгында канча күч аракет жумшалды, канча ден соолук кетти. Кудайга шүгүр, конкреттүү жыйынтыктар бар. Алексей Миллер, Орусиянын президенти, менин досум Владимир Путин сыяктуу досторубуздун аркасы менен көп иштер жасалды. Көптөгөн өлкөлөр бизге жардам беришти. Орусия да, Кытай да, Евросоюз дагы. Муну унутканга болбойт”, - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан