Жантөрө Сатыбалдиев: "Өкмөт 76 улуттук долбоор иштеп чыгып ишке ашырат"

Өкмөт 76 улуттук долбоор иштеп чыгып, ишке ашырат. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 23-майда парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, долбоорлордун 40кы мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов иштеп турган учурдан калган. Долбоорлордун 51 пайызы ишке ашырылган, ал тургай алар жарым-жартылай каржыланган дагы. Бир гана ири долбоорлорго жардамдар боло элек”,- дейт Сатыбалдиев. Аларга Камбар-Ата-1 ГЭСи, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу жана өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген дагы бир унаа жолун куруу долбоорлору кирет. Ал эми депутат Наталья Никитенко түшүнүксүз 76 долбоорго караганда ишке аша турган 5 долбоорго ээ болуу керек экендигин белгиледи. Эске салсак, парламентте өкмөттүн 2012-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан