Жогорку Сот президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевдин кол топтоо баракчаларын жараксыз деп тапкан сот чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу 30-августта "Ата Мекен" партиясынын юристи Канатбек Азиз билдирди.
Тагыраагы, буга чейин Бишкектин райондор аралык сотунун БШКнын пайдасына чыгарган чечими күчүндө калды. Канатбек Азиз жана Текебаевдин башка тарапташтары кол топтоо баракчалары боюнча БШКнын, соттун чечимдери мыйзамсыз экенин айтып келишет.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары аны талапкер кылып каттоо үчүн 38 миң 642 жарандын колун топтоп тапшырган. Бирок БШК кол топтоодо каржылык эреже бузулганын негиз кылып, Текебаев тарабынан чогултулган баракчаларды жараксыз деп тапкан эле. "Ата Мекенчилер" БШКнын чечими мыйзамсыз экенин айтып сотко кайрылышкан.