Өкмөт былтыр 1900 кызматкерди иштен алуу менен 500 миллион сом үнөмдөгөн
2012-жылы министрлер кабинети мамлекеттик аппаратты оптимизациялоо жолу менен жана 1904 мамкызматкерди иштен алуу аркылуу 500 миллион сом үнөмдөп калган. Жогорку Кеңештин 23-майдагы жыйынында 2012-жылдагы өкмөттүн иши боюнча отчёт берген премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ушундай маалымат берди."Ушундай иштер жасалып жатат, бирок бизди "реформа жасоо кечигип жатат" деп сындашат. Ал үчүн 6-9 ай керектелет",- деди Сатыбалдиев. Өкмөт башчы иштен бошотулган мамлекеттик кызматкерлерге 40 миллион сом компенсация төлөнгөнүн да кошумчалады.