24-майда саат 10:00дө Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында залкар манасчы, КРнын Эл артисти Уркаш Мамбеталиевдин жаркын элесине арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Конференциянын максаты - У.Мамбеталиевди эскерүү жана “Манас” эпосун мындан ары изилдөөнү улантуу болуп эсептелет. Конференцияга Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев, Билим берүү жана илим министри Канат Садыков, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев, коомдук жана саясий ишмер Топчубек Тургуналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова жана башка белгилүү инсандар, коомдук ишмерлер катышат.