Мадумаров, Ташиев, Келдибеков, Төрөбаевди бириктирген жаӊы партия "Кайра жаралуу" деп аталды

Быйыл 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого карата "Бүтүн Кыргызстан", "Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын лидерлери бириккен. Алар жаӊы партия түзүп, жарышка жалгыз талапкер чыгара турганын жарыя кылышкан эле.

Аталган партиялардын лидерлери Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаевди бириктирген жаӊы альянска ат тандоо керектиги боюнча коомчулукка жарыя да берилген. Белгилүү болгондой, жаӊы партияга "Кайра жаралуу" деген ат коюшту.

Бул партиядан шайлоого аталган төрт саясатчынын бири талапкер катары аттанары күтүлөт. Бүгүнкү күнгө карата тийиштүү процедуралардан өтүп Мадумаров менен Төрөбаев БШК тарабынан шайлоого талапкер катары катталды. Ташиев менен Келдибековдун кол топтоо баракчалары БШКда текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан