Кол топтоо баракчаларын текшерүү: Ташиев, Масадыков, Кочкоров өттү

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин жарандардан кол топтоо баракчаларын текшерип чыкты. Ташиев тарабынан БШКга 44 223 жарандын колу коюлган баракчалар тапшырылып, текшерүүдөн кийин кол тамгалардын 31 258и жарактуу деп табылды.

Муну менен Ташиев жарандардан 30 миңден ашык кол топтоо жөнүндө мыйзамдын талабын аткарды.

Дагы бир талапкер Таалатбек Масадыков 55 448 жарандын колу коюлган баракчаларды тапшырса, мунун 51 миңи жарактуу деп табылды.

Талапкер Улукбек Кочкоров 51 391 жарандын колу коюлган баракчаларды тапшырса, мунун 32 216сы жарактуу деп табылды.

Талапкер Казыбек Шайымбетов 38 660 жарандын колу коюлган баракчаларды тапшырса, мунун баары жараксыз деп табылды. Туура эмес формадагы баракка кол чогултулган деп түшүндүрдү БШКнын жумушчу тобунун өкүлү. Аталган талапкер 30 миңден ашык кол чогултуу талабын аткарган жок деп саналат.

Талапкер Темирбек Асанбеков 33 461 жарандын колу коюлган баракчаларды тапшырса, мунун 22 560 жараксыз деп табылды. Асанбеков дагы талапкер үчүн зарыл болгон 30 миңден ашык кол топтогон жок деп эсептелери айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан