Индиялык ырчы жана композитор Анкит Тивари "Tum Hardafa Ho" аттуу ырынын клибин Кыргыз өлкөсүндө тартты. Клип Бишкек шаарында, "Ала-Арча" жаратылыш комплексинде жана Ысык-Көлдө бир ай мурда тартылып, баш каармандардын образын ырчы өзү жана "Индия сулуусу-2015" наамынын ээси Адити Арья жараткан.
Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкуловдун SUPER.KG порталына билдиргенине караганда, клип өлкөнү жарнамалоонун, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тартылган. Учурда Туризм департаменти чет өлкөлүк режиссёрлор менен Кыргыз мамлекетинде кино тартуу боюнча макулдашып жатат.
"Кыргыз жеринин чет элдиктердин клиптерине, кинолоруна тартылышы өлкө үчүн чоң реклама болуп берет. Мисалы, "Шакектер шаасы" ("Властелин колец") тасмасынан кийин Жаңы Зеландия аябай чоң туристтик өлкөгө айланган. Биздеги кооз жерлерди дүйнөнүн саналуу гана жерлеринен кездештирүүгө болот, мекенибиз кино жана башка видео эмгектер үчүн эң ылайыктуу жер. Жакында Жеки Чанды, Стивен Сигалды тартып жүргөн режиссёрлор келишти, буюрса, алар менен иштешели деп жатабыз", - деди ал.