Япониянын премьер-министри Синдзо Абе менен телефондон сүйлөшүү жүргүзгөн АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяга каршы өзөктүк курал колдонууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу 3-сентябрда Рейтер агенттиги жазды.
Япония жана АКШ лидерлери Түндүк Кореянын өзөктүк жардыргыч заттарын сыноодон өткөрүү аракетин талкуулаган. Вашингтон өзүн жана союздаштарын коргоо үчүн дипломатиялык жана өзөктүк курал мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга даяр экенин айткан Трамп.
3-сентябрда Пентагондун башчысы Жеймс Мэттис эгерде Түндүк Корея тарабынан АКШ аймагына же союздаштарына коркунуч туулса АКШ "татыктуу аскердик жооп" кайтара турганын билдирген эле. Президент Трампка Түндүк Кореяга байланышкан кризисти чечүү боюнча аскердик операциялардын бир нече варианты сунушталганын, бирок АКШда Түндүк Кореяны биротоло талкалоо ниети жоктугун да айткан.
Түндүк Корея суутектик жардыргыч заттын сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жекшемби, 3-сентябрда жарыялаган.