Премьер-министр Сапар Исаков 4-сентябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковго "Кыргыз Телеком" ишканасынын директорлор кеӊешинин курамын кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.
Казаковду кабыл алган премьер: "Кыргыз Телекомдун" чарба-каржылык ишмердүүлүгү дагы эле ачык-айкын эмес. Коррупцияга жол берүүчү факторлорду жоё алган жок. Буга байланыштуу тез арада компаниянын директорлор кеӊешинин курамын жана башкармалыгын кайра карап чыгуу керек. Жумушта кетирген катачылыгы, анын ичинде элди жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоодогу натыйжасыз иши үчүн компаниянын азыркы жетекчилигинин жоопкерчилигин да кароо зарыл", - деди.
Исаков "Кыргыз Телекомдун" жетекчилигине кесипкөй адистерди тартуу керектигин да айтты. "Өлкөнүн телекоммуникация тармагын жакшыртмайынча "Таза коом" долбоорун ыкчам жана эффективдүү ишке ашыра албайбыз", - дейт өкмөт башчы.