Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев Кыргыз өлкөсүнө мамлекеттик иш сапары менен келгенде бир канча документтерге кол коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда журналисттерге президенттик аппараттын тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.
Анын айтымында, Мирзийоев 5-6-сентябрда келет.
“Алгач Мирзийоев тар чөйрөдө президент Алмазбек Атамбаев менен жолугат. Андан соң кыргыз жана өзбек делегацияларынын жолугушуусу өткөрүлөт. Эки тараптуу кызматташуу боюнча документтерге кол коюлат. Биргелешкен билдирүүгө, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимге, илим жана билим боюнча кызматташуу документтерине кол коюлат. Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү үч комитети дагы карап чыгышты. Өзбек президентинин премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушуусу күтүлүүдө”, - деди ал.
Субакожоева чек араларды делимитациялоо иши кайсы мөөнөттө бүтөрү тууралуу азырынча айта албай турганын кошумчалады.