Парламентте Кыргыз-Беларусь өлкөлөрүнүн ортосундагы жашыруун маалыматты коргоону камсыз кылган мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 5-сентябрда парламенттин тийиштүү комитетинде Кыргыз-Беларусь өлкөлөрүнүн ортосундагы жашыруун маалыматты коргоону камсыз кылуучу мыйзам долбоору жактырылды. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков билдиргендей, мыйзам долбоордун зарылчылыгы тараптардын мамлекеттик органдарынын бирдиктүү иш-аракетинин кеңейишинен келип чыккан. Мыйзам долбоордун максаты эки мамлекеттин ортосундагы саясий, аскердик, экономикалык, илимий-техникалык жана башка кызматташуунун жүрүшүндө алынган жашыруун маалыматты коргоону камсыздоо болуп саналат. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети мыйзам долбоорду 3-окууда талкуусуз кабыл алды.

Бул макулдашууга 2015-жылдын 27-октябрында Москва шаарында кол коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан