Дагы 5 талапкер жарандардан 30 миӊ кол топтогон жок деп табылды

БШК президенттикке талапкерлер Турсунбек Акун, Камила Шаршекеева, Рита Карасартова, Кубан Чороев жана Талгатбек Кожогуловдун кол топтоо баракчаларын текшерип бүттү. Ага ылайык, аталган 5 талапкердин топтогон кол тамгаларынын ичинен жарактуу деп табылганынын саны 30 миӊге жетпей калды.

Турсунбек Акун тарабынан БШКга 35 462 жарандын колу коюлган баракчалар тапшырылса, мунун ичинен 20 930 жарандын кол тамгасы жараксыз деп табылды. Жыйынтык - жарактуу кол тамгалардын саны 14 532.

Камила Шаршекеева 39 481 жарандын колу коюлган баракчаларды тапшырса, мунун ичинен 15 580 жарандын кол тамгасы жараксыз деп табылды. 23 901 жарандын кол тамгасы гана жарактуу.

Рита Карасартова БШКга 31 706 жарандын колу коюлган баракчаларды тапшырып, мунун ичинен 4680 жарандын кол тамгасы жараксыз деп табылды. 27 026 кол тамга жарактуу.

Кубан Чороев 40 224 жарандын колу коюлган баракчаларды тапшырса, 22 235 жарандын кол тамгасы жараксыз деп табылды. Жарактуусу - 17 989 кол тамга.

Ал эми Талгатбек Кожогулов 34 027 жарандын колу коюлган баракчаларды тапшырып, 26 015 жарандын кол тамгасы жараксыз деп табылды. Жыйынтыгында жарактуу деп 8 012 гана кол тамга калган.

Мыйзамга ылайык, президенттик кызматка ат салышчулар жарандардан 30 миӊден ашык кол чогултушу керек. Ага жетпегендер талапкер катары каттала алышпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан