Парламентте Транспорт министрлигиндеги коррупцияга каршы мыйзамдын аткарылышын текшерген жумушчу топ түзүлдү

Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Транспорт жана жолдор министрлигиндеги коррупцияга каршы мыйзамдын аткарылышын текшерген жумушчу топ түзүлдү.

КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимов жумушчу топтун курамына жол боюнча эксперттер кирүүсү керек экенин айтты. Матраимовдун сунушун депутаттар колдошту. Жумушчу топту аталган фракциядан депутат Бакыт Жетигенов жетектей турган болду. Бул чечим Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан