"Тамашоунун" жарым чейрек финалынын биринчи бөлүгү соңуна чыкты
Бир канча мүнөт мурда Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын 5-сезонунун жарым чейрек финалы жыйынтыкталды. Бүгүнкү оюнда 11 команда күч сынашты. Алар: "Моника Беллуччи", "Кыргыз Двор", "40 чоро", "Nutsтан", "5+1" (Нарын), "KG77", Талас курама командасы, "УКГ №5", "КГБ" (Баткен), Алматы курама командасы жана "Ак Өргө Сити". Гүлнур Сатылганова башында турган калыстар тобунун чечими менен байгелүү орундарды "Моника Беллуччи" (1-орун), "Ак Өргө Сити" (2-орун) жана "KG77" (3-орун) командалары ээлешти. Эреже боюнча жарым чейрек финалда бир да команда ыргыган жок. Командалардын бүгүн чогулткан упайлары 13-14-декабрда болуучу чейрек финалда уткан упайларына кошулат. Ошентип, жарым финалдын жолдомосунун тагдыры декабрда өтүүчү чейрек финалдык оюндарда чечилет. Бүгүнкү оюнга Жалал-Абад курама командасынын сынактан тышкары катышканын кошумчалап кетебиз.