Бүгүн, 5-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы 6 президенттикке талапкерди каттоодон өткөрүп күбөлүк тапшырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова билдирди.
Анын айтымында, Камчыбек Ташиев, Таалатбек Масадыков, Улукбек Кочкоров, Арстанбек Абдылдаев, Токтайым Үмөталиева жана Арсланбек Малиев каттоодон өтүштү. Аларга президенттикке талапкер катары күбөлүк тапшырылды.
Эске салсак, буга чейин 7 талапкер каттоодон өткөн. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Эрнис Зарлыков жана Азимбек Бекназаров. Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.