Алмазбек Атамбаев: "Бул күндү Кыргыз-Өзбек эли 25 жыл күткөн"

Бишкекте 5-сентябрда Кыргыз-Өзбек президенттеринин кеңейтилген форматтагы жолугушуусу өтүүдө.

Жолугушууну ачкан Алмазбек Атамбаев: "Бул иш сапар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын жаңы этабынын башталышы болот деп ишенем. Бул күндү элибиз 25 жыл күткөн. Ачыгын айтканда, Шавкат Миромонович президент болгондон кийин көп маселелер чечиле баштады", - деди.

Ал эми Шавкат Мирзийоев: "Бүгүн тарыхый күн, кыргыз досторубуз менен ачык сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Бул күндү элибиз 25 жыл күттү деген бул акыйкат. Бул иш сапарга көпкө даярдандым. Бүгүнкү сүйлөшүүдөн кийин ортобузда маселе калган жок десек да болот. Биздин элибиздин тили, дили, баары бир. Бүгүнкү тарыхый күн менен кыргыз элин, өзбек элин куттуктайм", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан