"Биздин элибиз Кыргыз мамлекети менен Өзбекстанга мурдагыдай тоскоолдуксуз кирип-чыгышын каалайм", - деп билдирди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 5-сентябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда.
Эки мамлекеттин жарандары бүгүнкү жолугушууга өзгөчө кызыгуу менен назар салып турганын белгилеп, элде "өлкө жарандарынын катташы чын эле мурдагыдай болобу" деген үмүт турганын айтты. Ошондой эле Кыргыздын эң жаш министри Артем Новиковдун сүйлөгөн сөзүн мактап, Атамбаевдин командасында кызматташтыкты бекемдөөгө зор каалоосу бар экенин билдирди.
Өзбек лидери Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча жалпы тил табышуу болгонун баса белгиледи.
Белгилей кетсек, мамлекеттик резиденцияда Кыргыз-Өзбекстан президенттеринин жолугушуусу өтүүдө.