Депутаттар Асия Сасыкбаева менен Наталья Никитенко шайлоочулар менен жолугушту

23-майда депутаттар Асия Сасыкбаева менен Наталья Никитенко Бишкек шаарынын 7-кичи районунун жашоочулары менен жолугушту. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда  7-кичи райондун жашоочулары көп кабаттуу үйлөрдүн балдар аянтчаларынын ордуна ар тараптан ыңгайсыздык жараткан курулуштарга уруксат берилгендигине нааразычылыктарын айтышты. Мындан сырткары мектептерде акча чогултуулар, таштанды челектеринин ыңгайсыз жерлерге коюлушу, электр чубалгыларынын эскилиги сындуу бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү шайлоочулардын орчундуу делген көйгөйлөрүн аткаруу бийлигинин астына коюу менен бирге алардын чечилишин көзөмөлгө алышарын айтып, келерки жолугушууда жооп берүүгө убада кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан