Шавкат Мирзийоев: "Мен өкмөт башчы болуп турган 14 жылда болгону төрт жолу Кыргыз премьер-министри менен сүйлөшкөм. Бул туура эмес"

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында өкмөт башчы Сапар Исаков Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугушту. Өзбек президенти соңку жылда солгундап кеткен эки өлкөнүн мамилесине токтолуп, эки тараптуу мамиленин жаңы баскычка көтөрүлүшү мезгилдин талабы, элдин тандоосу экенин айтты.

“Мен премьер-министр болуп турган 14 жылда болгону төрт жолу Кыргыз өкмөт башчысы менен сүйлөшкөм. Бул туура эмес. Өкмөт башчылар жылына жүздөгөн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Биздин туура эмес чечимдерден жарандар чарчады. Биринчи маселе чек ара жана башка маселелер акимчиликтердин деңгээлинде эле чечилиши керек”, - деди Мирзийоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан