Мирзийоевдин иш сапары аяктады. Атамбаев аны өзү узатты

Бүгүн, 6-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргыз өлкөсүнө болгон мамлекеттик иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, президент Алмазбек Атамбаев "Манас" эл аралык аэропортунда Мирзийоевди мекенине узатты. Узатуу аземине Кыргыз өкмөт мүчөлөрү жана Өзбекстандын делегациясынын мүчөлөрү, ошондой эле башка расмий адамдар дагы катышты.

Мамлекеттик иш сапардын алкагында Атамбаев менен Мирзийоев тар курамда жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган көптөгөн маселелер боюнча пикир алмашты. Алар эки өлкөнүн ортосунда кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Мирзийоевдин мамлекеттик иш сапарынын алкагында Кыргыз-Өзбек эки тараптуу бир катар документтерге, анын ичинде мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан