"Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатында Өзбекстан артыкчылык берилген багыттардын бири", - деп билдирди премьер-министр Сапар Исаков 6-сентябрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугушуусунда.
Премьер өлкөлөр ортосундагы чек ара, соода-экономикалык мамилелердин жакшырышына Шавкат Мирзийоевдин салымы зор экенин баса белгилеп:
"Сиз эки тараптуу мамилелердин тарыхын өзгөрттүңүз. Биздин өлкөнүн президенттери жогорку темптерди койду, аткаруу бийлик органдары ачык-айкын, бардык иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу жаатында иштөөгө тийиш. Кечээ биздин жарандар мамлекет башчылары ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыктарын чыдамсыздык менен күтүп отурушкан. Жыйынтыгын угары менен жарандар көздөрүнө жаш алып, кубануу менен кабыл алышты", - деди.
Өкмөт башчы Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек бизнес форумунун жыйынтыгында 115 миллион доллар өлчөмүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө келишим түзүлгөнүн да кошумчалады.