“Кыргыз мамлекети Бириккен улуттар уюмунун мүчөсү катары Мьянмада болгон окуяга көңүл буруусу керек” деген оюн бүгүн, 7-сентябрда парламентте “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Мирлан Бакиров билдирди.
Ал бул маселе БУУнун отурумунда каралуусу керек экенин айтты. “Өлкөбүздүн Тышкы иштер министрлиги бул боюнча пикирин билдирди. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө Мьянмада жаш балдарга, карыларга зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатканы боюнча сүрөттөр жүрөт. Бул аябай ойлондурат. Ошондуктан окуяны БУУнун отурумунда бир жактуу эмес, бейтарап карап чыгуу зарыл”, - деди Бакиров.
КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров дагы окуя боюнча пикирин айткан Тышкы иштер министрлигине ыраазычылык билдирди. "Башка эл аралык уюмдар жана өлкөлөр Мьянмадагы окуя боюнча билдирүү жасоодон коркуп жатканда, биздин Тышкы иштер министрлиги өлкөбүздүн позициясын айтты", - деди Зулпукаров.
Буга чейин маалымдалгандай, Мьянмадагы кагылышуудан улам өлкөдөн качкандардын саны 73 миңге жеткен. Жаңжал ушул жылдын 25-августунда мамлекеттеги аскерлер менен рохинджа этникалык тобунун ортосунда чыккан. Кагылышуудан 400дөн ашык адам каза болгондугу айтылууда. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Мьянмадагы абалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырган.