Депутат Жанар Акаев министрлер мамлекеттен айлык алганы менен, алар аймактарда шайлоо участкаларында жүргөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү Жогорку Кеңеш министрлерди катуу көзөмөлгө алуусу керек экенин белгиледи.
“Жакында Кара-Суу шаарында шайлоо өтүп, чоң мыйзам бузуулар болду. Бир партияга добуш бербегендерди коркуткандар, добушту сатып алуу аракеттери болуптур. 2010-жылдан бери шайлоо системинде реформа жасалууда деп жатабыз. Канча деген каражат, эмгек кетип жатат? Реформа болбой эле артка кетип жатабыз го. Эки революция эмнеге жасалды? Шайлоону бурмалаганда эл нааразы болуп эшикке чыккан. Мыйзам бузуулар боюнча парламент өзүнүн баасын бериши керек. Аларды жоопкерчиликке чакыра албасак анда эмнеге парламентпиз? Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн чакырып, комитеттердин жыйынында караш керек. Укук коргоо органдары изилдеп, иш алып баруусу керек. Буга сунуш же сурануу эмес, протоколдук тапшырма зарыл”, - деди Акаев.
Буга чейин жыйында “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешин шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун айткан.