31-май күнү “Учур” жаштар театры улуу жазуучу Ч.Айтматовдун "Ботогөз булак" повестинин негизинде даярдалган “Анархай” спектакли менен Татарстандын Казань шаарына аттанат. Ал жакта аталган театр 3-7 июнь күндөрү өтө турган 11-эл аралык театр фестивалына катышмакчы. Айта кетсек, театрдын актёрлору учурда фестивалга кызуу даярданып жаткан кези.