Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев БШК кимдир бирөөлөрдүн тапшырмасын аткарууда деген пикирде. Бул тууралуу Масалиев 7-сентябрда маалымат жыйында билдирди.
"Мыйзамда бардык каражат шайлоо фондунан жумшалат деп жазылган. Мен эч кимге акча төлөгөн жокмун. Мисалы, өзүм даярдаган баракчаны колдонсом аялым менен келишим түзүп ага акча төлөп беришим керекпи? Жума күнү кайрылганда "баары жакшы, 700дөй кол жараксыз" болууда дешкен. Дүйшөмбү күнү 30 миңди жараксыз деп чыгарды. БШК буйрукту аткарууда, аны да чала аткарып жатат. Бул жерде бир эле максат бар - коммунисттердин талапкерин тизмеден чыгаруу", - деди Масалиев.
Буга чейин президенттик жарыштан четтетилген Ахматбек Келдибеков, Турсунбек Акун БШКнын чечимине макул эместигин, сотко кайрыларын билдиришкен.