24-майда парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында аскер кызматкерлеринин макамы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү маселеси каралууда. Коргоо министринин биринчи орун басары Замир Сүйөркулов билдиргендей, мыйзамга өзгөртүү киргизүү - аскер кызматкерлеринин макамын жана ордун көтөрүүгө багытталган. “Бизде мыйзам бар, бирок анын көпчүлүк бөлүмдөрү эскирип калгандыктан, кайра иштеп чыгууга муктаж. Ошондой эле түзөтүүдө аскер кызматкерлерин жана алардын туугандарын үй-жай менен камсыз кылуу жөнүндө нормалар да бар”,- деди Сүйөркулов. Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Шамиль Атаханов учурда Жал кичи районунда аскер кызматкерлери үчүн 2 турак үй курулуп жатканын билдирди. “Үй-жай менен камсыз кылуу маселеси бара-бара чечилет”,- деди ал.