Кыргыздын мамлекеттик карызы учурда 4,2 миллиард доллар

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы азыркы учурда 4 миллиард 286 миллион 700 миӊ доллар. Бул өлкөнүн Каржы министрлиги 7-сентябрда тараткан маалымат. Сомго айлантканда - карыздын суммасы 294 миллиард 238 миллион 27 миӊ сомду түзөт. Мунун 3 миллиард 897 миллион 27 миӊ доллары тышкы карыз, 388 миллион 80 миӊ доллары ички карыз.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 1-январына карата өлкөнүн мамлекеттик карызынын көлөмү 4 миллиард 105,44 миллион долларды (284 миллиард 220,13 миллион сомду) түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан