Кыргызстан боюнча соттук кызматка 321 бош орун бар. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Сотторду тандоо кеңешинин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатуу боюнча өткөн тегерек столдо аталган кеңештин төрагасы Шамарал Майчиев билдирди. Анын айтымында, учурда бош орундарга 589 талапкер өз документтерин тапшырышкан. Алардын 126сы тандалган. “Сотторду тандоо бучурунда кеңешке 2635 арыз келип түштү”,- деп кошумчалады Майчиев.