Түндүк Корея министри: "АКШ бизди санкциялар менен коркута албайт"

Кытайда 7-сентябрда Чыгыш экономикалык форуму өтүүдө.

Жыйында АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы кырдаал да талкууланды. Түндүк Корея делегациясынын жетекчиси, тышкы экономикалык байланыш министри Ким Ён Же Америка Кошмо Штаттарын айыптады.

"Суутек жардыргыч затынын ийгиликтүү сыноодон өтүшүнөн улам АКШ жана ага тилектеш өлкөлөр Түндүк Кореяга каршы санкцияларды катаалдатуу боюнча кампанияны күчөтүп жатышат. АКШ Түндүк Кореянын өзөктүк статусун эске алышы керек. Пхеньянды санкциялар менен коркута алышпайт", - деп билдирүү жасады.

Эки күн мурда Орусиянын президенти Владимир Путин эч бир санкция Түндүк Кореяны алган багытынан кайтара албасын айтып, Ирактын, анын мурдагы лидеринин тагдырын коомчулуктун эсине салган.

"Иракка жана Саддам Хусейнге эмне болгонун баары жакшы билет. Хусейн өзөктүк курал даярдоодон баш тарткан, бирок баары бир ал жана анын үй-бүлө мүчөлөрү өлтүрүлдү. Өлкө талкаланды, муну баары билишет. Түндүк Корея дагы муну жакшы билет жана түшүнөт. Силер кандайдыр бир санкциялар Түндүк Кореяны өзөктүк курал боюнча алган багытынан кайтарат деп ойлоп турасыӊарбы?" - деп жооп узаткан Путин журналисттерге.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан