Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча отурум уланды. Анын жүрүшүндө бүгүнкүгө чакырылган жети күбө суралып, андан соң Текебаев Азимбек Бекназаровду, Кеңешбек Дүйшөбаевди, Элмира Ибраимованы кайрадан көрсөтмө берүүгө чакыруу өтүнүчүн келтирди.
"Бекназаров "Кудай сактасын, калп айттым" дебестир эми. Мен дагы, коомчулук дагы шектенип жатабыз анын айткандарынан", - деди Текебаев.
Сот Текебаевдин өтүнүчүн канааттандырды.
Кийинки соттук отурум 12-сентябрь күнү саат 10:00гө жылды.
Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.