24-майда “Ата Журт” фракциясынын жыйынында камактагы депутат Нариман Түлеевдин иши боюнча токтомдун долбоору каралды. Талкуунун жүрүшүндө “ата журтчулар” иликтөө иштеринде ачыкка чыкпаган документтер колдонулуп жатканын жана Кыргызстанга Кытайдан автобустарды алып келүү боюнча бир эле келишим эки башка которулушка ээ экенин билдиришти. Токтом долбоорунда Башкы прокуратуранын жана ИИМдин төрагаларынын сөздөрүн жана бардык материалдарды карап чыгып, андан соң кайрылууну кайра Ленин райондук сотуна жана президенттин атына жөнөтүү чечими кабыл алынды. “Мындан сырткары атайын медициналык комиссия түзүп, Түлеевди толук медициналык текшерүүдөн өткөрүү керек. Аны камактан бошотуу жөнүндө да пункт киргизүү керек”,- деп билдирди депутат Курманбек Осмонов.