Оппозициячыл "Республика-Ата Журт" Кара-Суу шаардык кеңешин шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча милицияга жана БШКга тапшырма берди

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин оппозициячыл "Республика-Ата Журт" фракциясы 3-сентябрда өлкөнүн айрым аймактарында жергиликтүү кеңештерде өткөн шайлоо тууралуу БШКнын маалыматын укту. Жыйында шайлоо учурунда бир катар мыйзам бузуулар болгону айтылды. "Республика-Ата Журт" фракциясы Башкы прокуратурага, ИИМге, Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларга карата мыйзамдуу чара көрүү боюнча тапшырма берди.

"Эмне себептен мамлекеттин эсебинен басылып чыккан бюллетендер урнага салынган эмес, ошону изилдеп чыгып жоопкерчиликтүү адамдар жазага тартылсын. Мыйзам бузулган шайлоо участкаларынын төрагалары, мүчөлөрү жумуштан четтетилип, ошол жерге милдеттендирилген милиция кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралып чыксын. Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Раим Матраимов анын кызматкерлери шайлоо күнү Кара-Сууда кандай иштер менен алек болушту, шайлоого кандай тиешеси бар экени, алардын жоопкерчилиги каралсын", - деди фракция лидери Өмүрбек Бабанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан