Каракол шаардык стадионундагы атайын аянтчага Ысык-Көл облусунан чыккан манасчылардын ысымдары жазылган эстелик орнотулду. Ага 34 манасчынын ысымы жазылды. "Талас шаарында "Манас Ордо" комплекси бар, ал эми Ысык-Көл жергесине "Манасчылар ордосун" ачалы деп пландап жатабыз",- дейт ысымы ташка түшүрүлгѳн манасчылардын бири Талантаалы Бакчиев. Скульптор Максат Сейнидинов аталган эстелик таш улуттук колоритте жасалгаланып, аны орнотууга 90 миң сом жумшалгандыгын билдирди.