Өмүрбек Бабанов "издөөдө жүргөн киши Чоң-Алайда кымыз ичип, шайлоого жүгүрүп жүрөт" дейт

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов мамлекеттик кызматкерлер шайлоого карата ачык жүгүрүп жатканын айтып, аларды мыйзамдуулукту сактоого чакырды. Ошондой эле Бабанов фракция жыйынына чакырылган башкы прокурордун орун басарына кайрылып, издөөдө жүргөн мурдагы министр Нурлан Сулайманов шайлоого карата талапкерлердин бирин колдоп Чоң-Алайда жүргөнүн айтты.

"Нурлан Сулаймановду Башкы прокуратура ошол Чоң-Алайда жүргөнүн билбесе, элдин баары көрүп атпайбы. Нурлан Сулайманов жүрбөйбү Чоң-Алайда. Издөөдө жүргөн адам кымыз, сүт ичип шайлоого жүгүрүп жүрөт", - деп башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогуловго кайрылды Өмүрбек Бабанов.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура тарабынан мурдагы жол транспорт министри Нурлан Сулаймановго карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, бюджеттик каражатты максатсыз короткон деген айыптар тагылып, сырттан кылмыш иши козголгон болчу. Ал Курманбек Бакиевдин мезгилинде транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеген. 2010-жылы "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2014-жылы "парламенттик отурумдарга катышкан эмес" деп депутаттык мандатынан айрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан