Жалал-Абад. Аксы районундагы кулаган учактан 3 адамдын күйгөн денеси табылды

Аксы районуна караштуу Жыл-Кол айылында кырсыкка учураган АН-2 учагы толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын кызматкери Акбарали Сыдыков маалымдады. Кулаган учак "Валор Эйр" аттуу жеке компанияга тиешелүү болгон. Учакта 1951-жылы туулган Владимир Матвеев, үйрөнчүк учкуч Алимжан Токтосунов жана Аксы райондук айыл чарба департаментинин адиси Сапарбек Алимбеков болгон. Кырсыктан аталган 3 адамдын күйүк денеси табылып, учурда тийиштүү органдар тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан